Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Жикчилдер Киевдин чакырыгынан баш тартууда


Орусия менен жикчилдер Украинанын тынчтык аскерлерин киргизүү чакырыгын четке кагышты. Украин президенти Петро Порошенко кечээ элдешүү келишимин бекемдөө үчүн эл аралык тынчтык күчтөрүн киргизүүгө чакырган эле.

Орусиянын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Александр Лукашевич Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу өткөн аптада Минскиде жетишилген келишимдин негизинде жүргүзүлүшү керектигин билдирди.

Орусияны колдогон жикчилдер тынчтык күчтөрүнүн киргизилиши Минск макулдашуусунун шарттарына каршы келерин айтып чыгышты.

Бүгүн жикчилдердин колундагы Донецк шаарында жана Кара деңиздин боюндагы Широкине шаарындагы украин өкмөтү көзөмөлдөгөн турумдар аткылангандыгы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG