Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Сотто акталган милиционер өкмөттөн компенсация ала албай жатат


Кыйноо боюнча айыпталып, өткөн жылы сотто акталган милиционер, Каракол шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Кыдырмышев моралдык зыянды калыбына келтирүү максатында талап кылган 1 миллион сом компенсацияны ала албай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыдырмышев өзү билдирди.

Ага 2012-жылдын декабрында прокуратура жергиликтүү жарандын арызынын негизинде кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Эки жылга созулган иликтөөдөн кийин Жогорку Сот Кыдырмышевди актаган.

Учурда өз жумушуна кайткан милиционер тарткан моралдык зыяны үчүн Каракол шаардык сотуна доо арыз жолдоп, шаардык казына бөлүмүнөн компенсация талап кылган. Кийинчерээк соттун көрсөтмөсү менен компенсация төлөөчү мекеме катары Каржы министрлигин көрсөтүп, арызды өзгөрткөн.

Сот ишти кароо мөөнөтү жана орду мыйзамдын негизинде аныкталганын билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG