Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Навальный баракча таратканы үчүн 15 күнгө камалды


Алексей Навальный

Алексей Навальный

Москванын Пресня райондук соту оппозиционер Алексей Навальныйды митинг өткөрүү эрежелерин бузганы үчүн эки аптага камакка алды. Ал метро бекеттеринде адамдарды “Жаз” аттуу анткризистик жүрүшкө чыгууга үгүттөп баракча таратканы айтылууда. Оппозиционер өзүнө коюлган күнөөнү мойунуна албай, баракчада жүрүш тууралуу гана маалымат жазылганын, ага катышууга чакырык жасалган эместигин айтууда.

Маалыматтарга ылайык, бейшемби күнү аны Пресня райондук сотуна күч колдонуп алып келишкен.

Оппозициянын “Жаз” аттуу жүрүшү 1-мартка белгиленген. Москва мэриясы акцияны Марьинодо өткөрүүнү сунуштаган, бирок активисттер ага макул болбой, калаанын борборунда уюштурууга уруксат берүүнү сураган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG