Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Режиссерлор тасмаларын Түркияга уруксатсыз саткандарды сотко берет


"Курманжан Датка" фильминин жарнамасы.
"Курманжан Датка" фильминин жарнамасы.

Кыргызстанда коммерциялык кино өндүрүү менен алектенген режиссерлор алар тарткан тасмалар өздөрүнүн уруксаты жок эле Түркиянын TRT-Avaz телеканалына сатылып жатканын айтууда. Бирок канча акчага бааланганы так эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” режиссер Садык Шер-Нияз билдирди. Бүгүн режиссерлор Бишкектеги Кино үйүнө чогулуп маселени талкуулайт. Андан соң сотко кайрылышат.

Режиссер Ырыс Жоомартова кинолорду сатып жүргөн адам аныкталганын, бирок анын ысымы сотко жазылган арызда гана көрсөтүлөрүн айтты. Маалыматка ылайык, шылуундук менен алектенгендер жасалма келишим түзүп, режиссерлордун офистерине 200-300 доллардан “эмгек акы” да таштап кетишкен.

TRT-Avaz каналынан режиссердон жазма түрүндө уруксат берилген кыргыз кинолору гана сатып алынганын, ортомчулардан тасмалар алынбай турганын “Азаттыкка” билдиришти.

Бир ай мурун тарыхый “Курманжан Датка” фильми да карактоо жолу менен интернетке жайылып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG