Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Бүгүн Акматбек Келдибековдун соту болот


Акматбек Келдибеков "Азаттык" радиосунун студиясында. 2012-жыл.
Акматбек Келдибеков "Азаттык" радиосунун студиясында. 2012-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, отурумда Келдибековду Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү да каралат.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны камакка алууну суранган.

Ал эми Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов ал дарыланууну улантуу үчүн кайрадан Германияга кетерин, мындай зарылдыкты тастыктаган тийиштүү медициналык аныктамалар бар экенин айткан.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет элге дарыланууга кеткен. Кыргызстанга 10-февраль күнү кайра келген. (SE)

XS
SM
MD
LG