Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Анапияевдин жакындары ал бычакталганын айтууда


Маркумдун жанынан чыккан паспорт

Маркумдун жанынан чыккан паспорт

Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлгөнүн тастыктап, аны уктап жаткан жеринде белгисиз кишилер мууздап кеткенин социалдык тармактарга жазышты. Беларус маалымат агенттиктери анын сөөгү 18-февраль күнү калаанын Либкнехт көчөсүнөн “Мерседес” үлгүсүндөгү унаадан табылганын кабарлады.

Окуя боюнча тактоо иштерин кыргыз жана беларус күч органдарды бирге жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов билдирген. Кыргыз күч органдарына маалымат кечээ келип түшкөн.

Буга чейин Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген Орусиянын паспортунун жана канжалаган адамдын денесинин сүрөтү Кыргызстандын атайын кызматтарына Минсктен жиберилгенин “Азаттыкка” ишенимдүү булактар кабарлаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG