Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Нарында көчкүдөн каза тапкан 2 кишинин сөөгү табылды


Нарындын Ак-Талаа районунда кар көчкүдө калып каза тапкандардын сөөгү Жерге-Тал айылындагы жакындарына берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, айылдын үч тургуну, Мирбек уулу Жээнбай, Адылбек Төлөнбаев жана Уланбек Шералы уулу 18-февраль күнү жайлоодон жылкы айдап келүү максатында Кашка-Суу жайлоосуна барган учурда кырсыкка кабылышкан.

Натыйжада 33 жаштагы Адылбек менен 22 жаштагы Мирбек мерт кеткен. Кырсыктан аман калган 29 жаштагы Уланбек айыл тургундарына маалымат берген. Издөө иштерин маркумдардын жакындары жана райондук жарандык коргонуу кызматынын адистери жүргүздү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG