Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:41

КУУнун Экономика жана каржы институтуна кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, Улуттук университеттин алдындагы институт магистратурада сырттан окуган студенттерден көрсөтүлгөн суммадан жогору өлчөмдө окуу акысын алышкан.

“2012-2015-жылдагы окуу акысы 17 миң деп көрсөтүлгөнүнө карабастан, кийин контракт акчасы 31 миң сомго өсүп кеткен. Башкача айтканда, мыйзамсыз түрдө ар бир студенттен 14 миң сом чогултулган. Жалпы 665 миң сом мыйзамсыз жыйналган”, - деп билдиришти Бишкек ШИИБинен.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Институт директору Айылчы Сарыбаев “Азаттыкка” муну жалган жалаа деп билдирди.

“31 миң сомду антимонополдук агенттик бекитип берген. 17 миң сом мурдагы бүтүп кеткен студенттердин контрагынын акысы. 3 жылдан бери баары 31 миң сом төлөп окуп жатышат”, - деди Сарыбаев. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG