Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Ак-Сууда уруксатсыз дааватка чыккан топ кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын 10-тобунун ага кызматкери Бакыт Султангазиев билдирди. Маалыматка ылайык, 7 кишиден турган жамаат бүгүн райондун Бөрү-Баш айылынан кармалды. Аларда үй-бүлөсүнөн тилкат, облустук казыяттан жана райондук милиция бөлүмүнөн тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Ак-Суу районунун борбордук мечитинен чыккан жамаат 4 айлык дааватта жүрүшкөн жана алар “Йакын Инкар” тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн деп шектелүүдө.

Учурда иш боюнча протоколдор толтурулуп, сотко өткөрүүгө даярдалууда.

“Йакын Инкардын” өкүлдөрү делип, уруксатсыз дааватка чыккан 9 киши кечээ Каракол шаарынан да кармалган.

Милиция өкүлүнүн айтымында, кармалгандар өздөрүн Алланын адамдарыбыз деп санашат жана үйүнүн ичине төшөлгөн тактайларды алып салуу, балдарын мектепке жибербей, дары ичпей коюу сыяктуу аракеттери менен белгилүү. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG