Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Экстремизмге каршы АКШдагы саммитке кыргыз тобу да катышууда


Кеңешбек Сайназаров тарткан сүрөт
Кеңешбек Сайназаров тарткан сүрөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for Common Ground) корпорациясынын Кыргызстандагы жетекчиси, саммиттин катышуучусу Кеңешбек Сайназаров билдирди. Анын айтымында, 60 мамлекет катышкан дүйнөлүк саммитте маселелер төрт башкы темага бөлүнгөн. Ага АКШ президенти Барак Обама да катышып, сөз сүйлөдү.

“Зомбулукка таянган экстремизм менен күрөшүүдө кандай программалар иштелип чыгышы керектиги талкууланды. Ошондой эле көйгөй андан ары күчөп кетпеши үчүн ММКлардын ишин жөнгө салуу сыяктуу бир катар маселелер каралды. Ушундай сессиялардын тегерегиндеги талкуу Кыргызстанга тажрыйба топтогонго жана көйгөй менен күрөшкөнгө пайдасы арбын”, - деди Сайназаров.

Саммитке Кыргызстандан президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков баштаган расмий делегация да катышууда. (AiA/MTo)

XS
SM
MD
LG