Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Киевде "Евромайданда" каза тапкандарды эскеришүүдө


Украинада бүгүн бир жыл мурун Евромайданда набыт кеткен демонстранттарды эскеришүүдө. 18-21-февралдын аралыгында ошол кездеги өкмөткө баш ийген коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларда 100дөн ашуун киши, арасында 17 аскер өлгөн. Анын алдында нааразылык акциясынын дагы тогуз катышуучусу ар кандай жагдайларда каза тапкан.

Президент Петро Порошенконун буйругу менен ошол кайгылуу окуялардын урматына 20-февраль эскерүү күнү деп жарыяланган.

Президент былтыркы демонстрациялар өткөн Киевдеги Эгемендик аянтыда сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Курман болгондордун жакындарына Украинанын баатыры деген алтын жылдыз тапшырылат.

Катардагы эл кан төгүлгөн жерлерге гүл, шамдарды алып келишүүдө.

Украин баш калаасында 22-февралда өтө турган дагы бир иш-чарага бир катар европалык лидерлер катышмакчы.

Украин өкмөтү Евробиримдик менен ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин 2013-жылдын ноябрында Киевде нааразылык акциялары башталган. Антиөкмөттүк демонстрациялар бир нече айдан кийин бийлик алмашууга алып келген.

XS
SM
MD
LG