Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:04

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


21-24-февралда жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Бишкек-Талас, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңгилчек, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кыргыз тоо кыркаларында жана Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…1, күндүз 10…15,

Талас жергесинде түнкүсүн -0…-5, күндүз 9...14,

Баткенде түнкүсүн -2...3, күндүз 8...13,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...3, күндүз 9...14,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...1,

Бийик тоолуу райондордо -22...-27, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүзү 12…14 градус

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG