Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Ливияда бир нече бомба жарылды


Ливиянын чыгыш бөлүгүндө бир нече бомба жарылып, бери дегенде 25 киши набыт кетти, 30дайы жарадар болду. Кабарларга ылайык, жардыруулар май куюучу жай, полиция бөлүмү жана парламент спикери Агила Салахтын Кубба шаарындагы үйүндө болгон. Спикер кол салуу Египеттин “Ислам мамлекети” уюмунун турумдарына сокку урушуна жооп иретинде уюштурулганын айтты. Өлкөдө 7 күндүк аза күтүү жарыяланды.

16-февралда Египеттин аба күчтөрү согушкерлердин Дерна шаарындагы турумдарын бомбалашкан. Анын алдында “Ислам мамлекетинин” жоочулары египеттик 21 христианды өлтрүшкөн.

2011-жылы президент Муаммар Каддафи кулатылгандан кийин Ливияда бир нече топ бийлик үчүн күрөшүп келатат. Өлкөдө атаандаш эки өкмөт менен парламент бар.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG