Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Сириядагы согуш кылмыштарына шектүүлөрдүн тизмеси жарыяланат


Дамаскка жакын жер бомбалоодон кийин, 12-февраль, 2015-жыл
Дамаскка жакын жер бомбалоодон кийин, 12-февраль, 2015-жыл

БУУнун тергөөчүлөрү Сириядагы согуш кылмыштары үчүн шектелген адамдардын жашыруун тизмесин жарыялоону көздөөдө. Уюмдун Сирия боюнча көз карандысыз иликтөө комиссиясы согуш кылмыштары, адамзатка каршы кылмыштар, адам укуктарын бузуу кескин көбөйгөнүн белгилейт.

Бейкүнөө адамдар жапа чегип жаткан кезде кылмышкерлер сот жообуна тартылбай келет, - деп эсептешет бразилиялык Паоло Пинейро жетектеген комиссиянын мүчөлөрү. Пинейро тизмени жарыялоо же жарыялабоо чечими БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 17-марттагы жыйынында кабыл алынарын айтты.

2011-жылдын март айынан бери Сириядагы урушта 210 миңден көп кишинин өмүрү кыйылып, калктын дээрлик жарымы жер которууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG