Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

"Республика" өкмөттүн отставкасын талап кылышы мүмкүн


"Кумтөр" долбоору боюнча февралдын соңуна чейин чечим кабыл алынбаса, Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясы өкмөттүн отставкасын талап кылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциянын төрагасы Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Кумтөр келишиминин тегерегинде саясий соодалашуу жүрүп жатат.

7-февралда Москвада "Кумтөр" долбоору боюнча башталган сүйлөшүүлөр жыйынтыкталган. "Кыргызалтындын" башчысы Токон Мамытовдун "Азаттыкка" билдиришинче, сүйлөшүүлөр маалында кыргыз тарапка тиешелүү маселелердин дээрлик 90% чечилген. "Бирок ошол эле учурда экологиялык, юридикалык маселелердин айрымдары чечиле элек", - деди Мамытов.

Жогорку Кеңеш былтыр жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. (ZMa/AiT)

XS
SM
MD
LG