Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

АКШ сенаторлору Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырууга чакырды


АКШ сенаторлорунун эки партиялуу тобу мамлекеттик катчы Жон Керрини Орусияга каршы санкцияларды катаалдаштырууга жана Украинаны аскердик жардам менен камсыздоого чакырышты. Сенаторлор Керриге катты орусиячыл жикчилдер ок атышпоо тууралуу келишимди бузуп, Украинанын Дебальцево шаарын басып алгандан кийин жазышты.

Керриге жазган катта сенаторлор "Украинаны куралдандырууга жана кошумча санкцияларды киргизүүгө, анын ичинде Орусияны SWIFT финансы системасынан чыгарып салуу тууралуу маселени карап чыгууга мезгил жеткенин" белгилешти.

Орусия колдогон жикчилдер Дебальцевого чабуул коюу менен алар ок атышууну токтотуу келишимин бузду деген дооматты четке кагып, өз аракеттерин бир нече апта уруш жүргөн шаарча келишим түзүлгөн кезге чейин эле курчоого алынганы менен түшүндүрүшүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG