Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Атамбаев Мекен сакчылардын күнү менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктаган билдирүү жолдоду. Анда оор мезгилде Мекенди коргогондор сый-урматка татыктуу экени, Жеңиштин 70 жылдыгы алдында согуштун ардагерлеринин эрдиги унутулбай турганы белгиленет.

"Биз ардагерлерден туруктуулукту жана бекемдикти үйрөнөбүз. Мезгил өтүп, муун алмашып, баалуулуктар өзгөрөт. Бирок Мекенди, туулган жерди, өз элин, мамлекеттүүлүктү, эркиндикти жана биримдикти коргоо зарылчылыгы өзгөрбөйт" деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

23-февраль Мекенди коргоочулар күнү катары Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет. Бул күнү бир катар майрамдык иш-чаралар өтөрү пландалууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG