Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Жылдыз Мамбеталиева юстиция министри болуп дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Жылдыз Мамбеталиева юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамбеталиева 2008-жылдан бери аталган министрликте министрдин орун басары болуп иштеген.

Январдын башында жергиликтүү гезиттердин бири "Аида Салянова Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени тууралуу" Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыялаган. Нарымбаев министрдин үстүнөн коалициялык көпчүлүккө арыз жазып, расмий кечирим сурашын талап кылган.

Шыкмаматов кечирим суроодон баш тартып, февралдын башында өз каалоосу менен юстиция министри кызматынан кеткенден бери бул орун бош турган. Кечээ болсо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Юстиция министрлигине Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлиги бир добуштан жактырылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG