Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Ошто элди иш менен камсыздоо борбору ачылды


Ош облустук администрациясынын имаратында чет өлкөдөгү иш орундары тууралуу маалымат берүүчү борбор ишке кирди.

Эл аралык Миграция уюму тараткан маалыматка ылайык, ишке жайгаштыруу борбору чет өлкөгө ишке барууга чейинки даярдыктар боюнча кеңеш берүү, ички жана тышкы жумуш базарындагы иш орундар тууралуу маалыматтарды таратат.

Борбордо азырынча Орусия, Казакстан, Түштүк Корея, БАЭ, Катар жана Түркиядагы жумуш орундары тууралуу маалыматтар берилүүдө.

Элди иш менен камсыздоо борбору Эл аралык Миграция уюму тарабынан Британиянын каржылык көмөгү менен ачылган. Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинен башка да Ошто Карьера борбору, жаштар борборлору, андан сырткары бир нече чакан окуу борборлор жаштарга кесип берүү, ишке жайгаштыруу менен алектенишет. (YI)

XS
SM
MD
LG