Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Грекия жана анын кредиторлору убактылуу мунасага жетти


Дубалдагы жазуу: "ЭВФ, үйүңө жогол". Афины, 20-февраль, 2015-жыл

Дубалдагы жазуу: "ЭВФ, үйүңө жогол". Афины, 20-февраль, 2015-жыл

Еврозонага кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери жана Грекия Афиныга финансылык жардам программасын төрт айга узартуу тууралуу макулдашты. Бул болсо алдыдагы төрт айда Грекия Евробиримдиктен акча алып турат дегенди билдирет. Буга чейин Афины алты айлык мөөнөттү сураган.

Эми грек өкмөтү 23-февралга чейин европалык өнөктөштөрүнө реформалар боюнча өз сунуштарынын тизмесин бериш керек. Мунун алдында Грекиянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас тышкы карыздарды жоюуга жетишерин билдирген.

Грекиянын тышкы карызынан улам башталган кризис 2010-жылдын жаз мезгилинен тарта курчуй баштаган. Ошондо өкмөт дефолтко кабылбаш үчүн Европа биримдигинен финансылык колдоо сураган. Ошол эле жылы "Стандард энд пурс" агенттиги грек мамлекеттик облигацияларынын рейтингин бир топ төмөндөткөн. Мунун натыйжасында евронун куну кескин түшүп кеткен. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG