Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Чет элдик ишкерлерди тоноп жүргөн топ кармалды


Ош облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген чет элдиктерди тоноого адистешкен 5 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

- Жакында эле Кара-Суу районунда Түркиянын үч жаранын беткапчан куралдуу адамдар тоноп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ал фактынын негизинде өткөрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош шаарынын 5 тургуну кармалган. Алар негизинен чет өлкөлүк ишкерлердин дүкөндөрүнө, жашаган жерлерине барышып, соодадан түшкөн кирешесин коркутуу жолу менен тоноп кетип турушкан.

Топтун лидеринин үйүн тинтүүгө алган учурда беткаптар жана эки травматикалык тапанча табылган. Учурда уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүнө кылмыш иши козголуп, алардын башка кылмыштарга тиешеси такталууда. (YI)

XS
SM
MD
LG