Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

Лицейдеги уулануунун себептери эртең белгилүү болот


Токмоктогу кыргыз-түрк “Себат” лицейиндеги уулануунун себептери эртең белгилүү болот. Учурда тиешелүү адистер балдар жеген тамакты текшерүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Себат" билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев билдирди.

Кудайбердиев балдардын абалы жакшы экенин, ооруканага жаткырылгандар учурда лицейге кайтканын жана окуучулардын ата-энелеринен дооматтар болбогонун кошумчалады.

20-февралда Токмоктогу кыргыз-түрк "Себат" лицейинде окуучулардын жапырт уулануусу катталган. 57 бала эртең мененки тамактануудан кийин өздөрүн жаман сезип, медициналык жардам сурап кайрылышкан. Он окуучу Токмок шаардык аймактык ооруканага жиберилип, кечке жуук балдар ооруканадан чыгарылган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG