Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Ат-Башыдан аскерге чакырылгандардын жарымы кызмат өтөөгө жарабайт


Тоолуу Ат-Башы районунда аскер жашындагы жигиттердин жарымынын ден соолугу начар. Райондук аскер комиссары, полковник Каныбек Ашырбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, аталган райондон жаз, күз мезгилинде аскерге чакырылган уландардын дээрлик 50 пайызынын саламаттыгы жараксыз чыгууда.

Жигиттердин көбүнүн салмагы аз. Мындан тышкары малдан жуккан бруцеллез, эхинококк жана альвеококк сыяктуу мите курт дарттары да аскер жашындагылардын арасында жайылган. Ушундан улам аскерге чакырылган жигиттер кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыроодо. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG