Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаев дүйнө салды


Улуттук илимдер академиясынын академиги, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаев 92 жашында көз жумду.

Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Кемин районунун Тегерменти айылында төрөлгөн.

Кайып Оторбаев экономикалык жана социалдык география тармагында адис болчу. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору.

Оторбаев бир катар сыйлыктардын, медалдардын жана Ардак грамоталардын ээси. Алардын ичинде "Кызыл жылдыз" ордени, "Эрдик үчүн" медалы, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согушта фашисттик Германияны жеңген үчүн" медалы бар. (ZMa)

XS
SM
MD
LG