Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды караштырууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри

АКШ президенти Барак Обама жакынкы күндөрү Украинанын чыгышындагы окуяларга баа берет. Мамлекеттик катчы Жон Керринин билдиришинче, Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып, орусиячыл жикчилдер менен күрөшүү үчүн Украинага курал жеткирүү тууралуу чечим кабыл алынат.

Лондондо Британиянын тышкы иштер министри Филип Хаммонд менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Керри америкалык өкүлдөр европалык өнөктөштөрү менен "олуттуу талкууларды" жүргүзгөнүн билдирди. АКШ мамкатчысынын айтымында, өткөн аптада Минскте ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузган үчүн жооп катары кошумча чаралар көрүлмөкчү.

Украин бийликтеринин маалыматы боюнча, жикчилдер күчтөрүн көбөйтүүдө. Украин армиясы жикчилердин Мариуполго ыктымал чабуулуна даярдык көрүп жатат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG