Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Журналист Орозалы Карасартов дүйнө салды


“Аймак” гезитинин башкы редактору, журналист Орозалы Карасартов кечээ кечинде 51 жашында каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын жакындары билдиришти.

Карасартов 1964-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. 1990-жылы КМУну аяктап, Кыргыз радиосунда, “Кыргыз туусу” гезитинде, “Кабар” маалымат агенттигинде иштеп, көп жыл Жалал-Абад облустук акимчиликте басма сөз катчы болуп эмгектенген.

2012-жылдан бери “Аймак” гезитинин редактору жана “Кыргыз туусу” гезитинин облустагы кабарчысы болуп иштеп келаткан. Эки жыл мурда элет жерлериндеги окуяларды маалымдаган aimak.kg сайтын негиздеген. Артында бир уул, эки кызы калды. (RsK)

XS
SM
MD
LG