Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

БУУ: Түштүк Суданда 89 баланы уурдап кетишти


Качкындар лагериндеги балдар
Качкындар лагериндеги балдар

Түштүк Суданда согушкерлер 80 баланы уурдап кетишти, алардын айрымдары 13 жашта. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) кабарлады. Балдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн деп айтылууда.

Кабарларга караганда, Малакал шаарына жакын жерде куралчан адамдар үйлөргө кирип, 12 жаштан жогору балдарды күч менен алып кетишкен. Айрым балдар мектепте экзамен тапшырып жатканда уурдалган. Азырынча бул үчүн эч бир топ өзүнө жоопкерчилик ала элек.

Түштүк Суданда президент Салва Киир менен мурдагы вице-президент Риека Мачаранын тарапкерлери ортосунда тирешүү эки жылдан бери уланып келүүдө. Жаңжал 2013-жылдын декабрында Киир Мачараны бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыптаганда башталган. Ошондон бери БУУнун маалыматы боюнча, бери дегенде 10 миң киши өлүп, бир жарым миллиондон ашык адам жер которууга мажбур болгон. 12 миңге жакын бала жоокер катары уруштарга тартылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG