Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

9-майдагы парадга азырынча миллион сом бөлүндү


Архивден алынган сүрөт
Архивден алынган сүрөт

Жеңиш күнү өтө турган аскер парадына 1 млн. 100 миң сом бөлүнгөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Жалпысынан Жеңиштин 70 жылдыгына карата өтө турган парад 14 млн. сомго бааланган. Бул каражат министрликтин атайын эсебинен бөлүнөт.

Маалыматтарга караганда, 600 миң сом жоокерлер үчүн жаңы кийим тигүүгө, ал эми 500 миң сом Панфилов дивизиясы тууралуу китепке сарпталат.

Айрым маалыматтарга караганда башкы командачы Алмазбек Атамбаев 9-майда Москвада болушу мүмкүн. Бирок Коргоо министрлиги кандай болсо да Кыргызстанда парад өтөрүнө ишендирүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG