Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Легендалуу Т-34-85 танкы көрсөтүлөт


23-февраль - Мекен коргоочулар күнү Жеңиштин символу болгон Т-34-85 танкын көрсөтүшөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул World of Tanks компьютердик оюну боюнча ачык чемпионат маалында болот. Аталган оюн толугу менен XX кылымдын ортосундагы брондолгон машинелерге арналган.

Легендалуу Т-34-85 танкын калыбына келтирүү иштери Бишкекте "Баары эсибизде" глобалдык демилгесинин алкагында өтүүдө.

Эртең Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы аскердик курал-жарактардын көргөзмөсү да өтөт. Ошондой эле конокторго оюн-зоок программасы тартууланат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG