Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Киевде Майданда курман болгондорду эскеришүүдө


Петр Порошенко курман болгон активисттин апасы менен

Петр Порошенко курман болгон активисттин апасы менен

Киевде бир жыл мурда нааразылык акциялары маалында курман болгон активисттерди эскерүү маршы өтүүдө. Украин президенти Петр Порошенкодон тышкары ага он өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Германиянын, Польшанын, Латвиянын, Молдованын лидерлери, ошондой эле Европа кеңешинин президенти да катышууда. Марштын катышуучулары бир нече көчөнү аралап өтүп, Эгемендик майданына барышмакчы.

Бир жыл мурда Киевде украин өкмөтү Евробиримдик менен Ассоциация тууралуу макулдашууга кол коюуга баш тарткандан кийин нааразылык акциялары башталган. Өкмөткө каршы массалык акция өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна алып келген. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG