Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Ош облусунда сойкукана уюштурган 3 адамга кылмыш иши козголду


Өзгөн районундагы “Жума” мейманканасында 11 кыз, Кара-Сууда 3 кыз иштеген сойкукананын ээси деген шек менен эки адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

- Бул факты облуста жыл башынан бери сойкукана уюштуруу боюнча аныкталган экинчи кылмыш. Өзгөн районундагы “Жума” мейманканасында пайда табуу максатында 11 кызды сойкуканада иштеткен жаран соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Ал эми Кара-Суу районунда үч кызды иштеткен эки жарандын иши тергелип, сотко өткөрүлгөнү жатат.

2014-жылы Ош облусунда пайда табуу максатында сойкукана уюштуруу боюнча 21 факт аныкталган. (YI)

XS
SM
MD
LG