Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Чыгыш Украинадан оор техника чыгарыла баштады


Украин армиясы жана өлкөнүн чыгышындагы Орусияны жактаган жикчилдер соңку элдешүү келишиминин негизинде майдан тилкесинен согуштук оор техниканы чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Элдешүү боюнча Бирдиктүү координациялык көзөмөл борборунун маалымат катчысы Петро Каноник эки апталык чыгаруу 22-февралда башталып жаткандыгын бышыктады. Жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецкте жикчилдердин улук корбашысы Эдуард Басурин 22-февралдан баштап оор техника чыгаруу боюнча макулдашуу бар экендигин бышыктады. Убактылуу мелдешүү келишими 15-февралда жетишилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG