Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Осло синагогасын мусулман жаштар "коргоого" алды


Норвегиянын баш калаасында миңден ашык мусулман жаштары Ослонун синагогасын айланта кол кармашып турушту. Коңшулаш Данияда алдыңкы дем алышта орун алган синагогага кол салууга нааразы болгон акциянын катышуучулары Осло шаарындагы жөөт жамаатын коргой тургандыгын ушундай «тынчтык шакеги» менен билдирүүнү чечишти.

Демонстранттар «анти-семитизм жоголсун, исламофобия жоголсун» деп ураан чакырышты. Катышуучулардын бири «баарыбыз адам баласыбыз, ошону айталы деп келдик» деди. Копенгагенде сөз эркиндиги боюнча синагогада өтүп жаткан жыйында Данияда туулган, түбү палестин Омар Абдел Хамид эл-Хуссейин эки кишини атып кеткен эле. Норвегияда 2 миллиондон ашык тургундун 200 миңи мусулмандар, алардын катары иммиграциянын эсебинен жылдан жылга өсүп баратат.

XS
SM
MD
LG