Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусу боюнча кезектеги сүйлөшүү болот


КР президенти А. Атамбаев ЕАЭБнын жыйынына катышуу үчүн барган. Минск. 9-октябрь, 2014-жыл.
КР президенти А. Атамбаев ЕАЭБнын жыйынына катышуу үчүн барган. Минск. 9-октябрь, 2014-жыл.

24-февралда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна байланыштуу кезектеги сүйлөшүү Москва шаарында болот. Ага Кыргызстандан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баштаган жумушчу топ катышары күтүлүүдө.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү тууралуу келишим протоколдоруна президент Алмазбек Атамбаев март айынын башында кол койору 6-февралда биримдиктин Москвада өткөн өкмөттөр аралык отурумунда маалым болгон.

Евразия экономикалык биримдиги 1-январдан тарта ишке кирди. Аталган биримдикти түзүү тууралуу келишимге 2014-жылы 29-майда Орусия, Казакстан жана Беларус кол койгон, кийинчерээк Армения кошулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG