Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Жаңы курулуштардын 10% мыйзамсыз


Өткөн жылы өлкөдө 3067 объект курулган болсо, анын 331и мыйзамсыз. Бул тууралуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты. Анын ичинен 264 курулуш объекти уруксатсыз пайдаланууга берилген. Мындан тышкары 371 курулуш экотехинспекция тарабынан токтотулган. Ошондой эле курулуш объектилериндеги түрдүү кемчиликтерди жоюу тууралуу 2298 эскертүү берилген.

Экотехинспекциянын маалыматы боюнча аталган орган курулуш объектилеринен сырткары жолдордун, көпүрөлөрдүн жана май куюучу бекеттердин коопсуздугу, мечит, мектептердин курулуш сапатын текшерүүгө алынууда.

Акыркы жылдары Бишкек, Ош шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу күч алды. Айрым адистер курулуштардын сапаты, кабаттуулугу шаарлардын сейсмикалык абалына дал келбестигин айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG