Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Академик Кайып Оторбаев дүйнөдөн кайтты


Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаев 93 жашында дүйнө салды.

Кайып Оторбаев 1922-жылы Кемин районунун Тегирменти айлында туулган. Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл жылдыз”, “Эрдик үчүн” ордендери жана бир катар медалдар менен сыйланган.

Экономикалык жана социалдык география адиси, илимдин 5 докторун, 18 кандидатын даярдаган. 300дөн ашуун илимий иштердин, анын ичинде 15 монографиянын автору. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин атасы.

Кайып Оторбаев Улуттук илимдер академиясынын Экономикалык иликтөөлөр борборунун жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана божомолдоо бөлүмүн жетектеп турган эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG