Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 00:23

Согуштун ардагерлери медициналык кароодон өткөрүлөт


Бишкекте Ата Мекендик согуштун катышуучулары медициналык кароодон өткөрүлөт. Акысыз медициналык кароодон Ленинграддагы блокадага кабылгандар да өтө алышат. Бул иш-чара Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулууда. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча медициналык кароо 1-майга чейин жүргүзүлөт. Баса албаган карыялар үчүн атайын адистер үйлөргө чейин барып текшерип келишет. Ошондой эле милдеттүү түрдө камсыздандырууга кошумча дары-дармек жана гуманитардык жардамдар да берилет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG