Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Еврокеңеш Орусияга жаңы санкциялар каралышы ыктымалдыгын эскертүүдө


Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Украинага карата Москванын позициясы өзгөрбөсө, Европа мамлекеттеринин лидерлери менен Орусияга карата санкцияларды кеңешүү демилгесин көтөрөрүн билдирди. Ал бул тууралуу 22-февралда Киевдеги аскер техникаларынын жана курал-жарактардын экспозициясын көргөндөн кийин айтты. Бул курал-жарактар Украинадагы согуштук аракеттерге Орусиянын тийешеси бар экенинен кабар берерин украин бийлиги билдирген эле.

Дональд Туск санкцияларды кеңейтүү боюнча кеңешүүгө 23-февралда киришерин айткан.

Еврокеңештин башчысы 22-февралда Киевге өткөн жылы Януковичтин бийлигине каршы чыгып, өлгөндөрдү эскерүүгө барган. Бул күнү украин борборунда ошондой эле Германия, Литва, Молдова жана Польшанын президенттери болушту.

XS
SM
MD
LG