Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:30

Өлкө жетекчилиги Кайып Оторбаевдин жакындарына көңүл айтты


Коомдук ишмер Кайып Оторбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өлкө жетекчилиги көңүл айтты. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, эскерүүдө II жана III даражадагы “Манас” жана башка бир катар абройлуу ордендердин ээси Кайып Оторбаев кыргызстандыктар үчүн үлгү инсан экени, илимий жактан гана эмес, мамлекетте футболдун өнүгүшүнө да кезинде чоң салым кошкону айтылат. Көңүл айтуу катына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, парламент жана өкмөт мүчөлөрү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер кол койгон.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчынын Социалдык коргоо жана колдоо фондунан маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом жардам берилди.

Кайып Оторбаев советтик экономика илимин чет мамлекеттерде көп ирет тааныткан. Илимий делегациялардын курамында кыргыз окумуштууларынын атынан Англияда, Францияда, Болгарияда, Румынияда, Чехословакияда жана Кубада болуп, доклад жасаган.

Экономикалык жана социалдык география адиси илимдин 5 докторун, 18 кандидатын даярдаган. Үч жүздөн ашуун илимий иштердин, анын ичинде 15 монографиянын автору болгон.

Кайып Оторбаев азыркы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атасы.

Ал 22-февраль күнү 93 жашында Бишкекте дүйнө салды. Коомдук ишмерди акыркы сапарга узатуу 24-февралда Улуттук университетте өтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG