Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Кыргызстанда Мекен сакчыларынын майрамы белгиленүүдө


Кыргызстандын ар бир аскер бөлүгүндө бүгүн Мекен коргоочулар күнү белгиленип, аскерлерге майрамдык тамак берилип жатат. Ошондой эле Бишкектеги “Соң Көл” ресторанында ардагерлерди сыйлоо аземи уюштурулганын “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин өкүлү Азамат Дүйшөнбеков билдирди. Иш-чаранын алкагында Жеңиштин символу болгон легендалуу Т-34-85 танкы көрсөтүлдү.

23-февраль - Мекен коргоочулар күнүнө байланыштуу Кыргызстанда бүгүн дем алыш. Бул күн мурда Советтик Армиянын жана Аскер-деңиз флотунун күнү деп белгиленчү. 1918-жылы 23-февралда жаш советтик аскердик түзүлүштү германиялык баскынчылардан коргоо үчүн ыктыярчылар Кызыл Армиянын катарына жазылып Мекенди коргоого аттанган. Ошол күндөн баштап СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып турган. Бирок кийин мурунку союздук республикалардын көбүндө бул майрам белгиленбей калган.

Кыргызстанда 23-февраль Мекен сакчыларынын күнү катары аскер бөлүктөрүндө 2004-жылдан бери кайрадан расмий майрамдала баштаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG