Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Көлдөгү «Курманжан датка» комплексин өкмөт өзү курат


ЖК депутаты Жылдызкан Жолдошова
ЖК депутаты Жылдызкан Жолдошова

Ысык-Көлдө “Курманжан датка” фондунан мамлекетке кайтарылып алынган жерге тарыхый комплекс куруу иштерин өкмөт өзү жүргүзөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы Максат Сарбагышев билдирди.

Анын айтымында, Өрнөк айылындагы «Курманжан датка» фондуна тиешелүү болгон 15,64 гектар жер жергиликтүү элдин талабы менен өкмөткө кайтарылды. Депутат Жылдызкан Жолдошовага таандык “Курманжан датка» фонду 2008-жылы аталган жерди тарыхый комплекс куруу максатында жеке менчигине алган болчу. Бирок жергиликтүүлөр эл өкүлү “тарыхый борбор эмес, эс алуучу жай курганы жатат” деп шектенип, курулушту токтотууну талап кылган. Кайрылууда фонд көп жылдардан бери жер салыгын төлөбөй келгени да айтылат.

Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн токтомдору менен жер Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөн жылдын аягында өткөрүлүп берилген. Маалым болгондой, мындан ары тарыхый жайдын курулушун өкмөт өз каражатына улантат.

Жылдызкан Жолдошова фонддун ишмердүүлүгүнө карата тургундардын нааразылыгын аны каралоо максатында атайылап уюштурулганын мурда билдирген болчу. (AsA)

XS
SM
MD
LG