Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

ИИМ Анапияевдин өлгөнү тууралуу расмий тастыктоо ала элек


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Минск шаарында өлтүрүлгөн адам Алмамбет Анапияев экендигин тастыктаган билдирүү ала элек. Беларус милициясына Анапияевдин Кыргызстанда каттоого алынган бармак издери жана башка тийиштүү документтер жөнөтүлгөн. Бирок экспертизанын жыйынтыгы азырынча маалым эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

Өткөн жумада өлтүрүлгөн адам Алмамбет Анапияев экендигин туугандары тастыктаганын анын адвокаты Жыргал Бабаев “Азаттыкка” билдирген болчу. Ал маркумдун сөөгү 24-февралда учак менен Ошко Москва аркылуу жеткирилерин да маалымдаган.

19-февраль күнү Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлгөнү тууралуу кабарланган. Аны белгисиз кишилер мууздап кеткен.

Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал соңку кездери Дубайда жашырынып жүргөнү жөнүндө маалыматтар айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG