Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Бишкекте жазгы тазалоо иштери башталды


Жолдордун четине гүл отургузуу. Бишкек, 2014-жыл.
Жолдордун четине гүл отургузуу. Бишкек, 2014-жыл.

Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” ишканасы жазгы тазалоо иштерин 23-февралдан тарта баштады. Буга күн жылып, тазалоо иштерине муктаждык байкалганы себеп болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Бүгүн шаар көчөлөрүн жууп-тазалаганга 8 атайын техника чыкты.

Жыл сайын жазгы тазалоо иштери 1-мартта башталчу.

Акыркы убактарда шаар көчөлөрү шыпырылбай, таштанды убагында тазаланбай жатышы кооомчулукта бир топ нааразылык жаратып келет.

“Тазалык” ишканасында 1600гө жакын жумушчу жана 150дөй атайын техника кызмат кылат. (SE)

XS
SM
MD
LG