Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

АКШ ИМге каршы операцияны талкуулайт


АКШнын коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилери жана бир катар өлкөлөрдөгү дипломаттары “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы күрөштү талкуулайт. Кувейттеги АКШ аскер базасында бүгүн өтчү жолугушууга Кошмо Штаттардын жаңыдан дайындалган коргоо министри Эштон Картер, өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы аскердик контингентинин командачысы Ллойд Остин, генерал Жон Аллен жана өлкөнүн Египет, Иордания, Кувейт, Сауд Арабиядагы элчилери катышат.

Жолугушуу “Ислам мамлекетинин” аймакта жана Ливияда кол салуулары күчөгөн мезгилде өтүп жатат.

Өткөн жылы “Ислам мамлекети” тобу Ирак жана Сириянын бир топ бөлүгүн басып алган. Андан соң АКШ баштаган бир катар өлкөлөр коалиция түзүп, Ирак коопсуздук күчтөрүнө көмөктөшүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG