Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Гүмридеги орус аскер базасында бир аскер дайынсыз болууда


Армениянын Гүмри шаарындагы Орусиянын аскер базасында кызмат өтөгөн армян жараны дайынсыз жоголду. Полициянын маалыматы боюнча, 26 жаштагы Артур Афян базада келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн. Аскер бөлүктүн командирлеринин айтымында, Афян 21-февралда эс алуу алып, Гүмридеги туугандары менен учурашып келүү үчүн кеткен. Андан бери дайынсыз болууда. Аскердин жанында куралы болгон эмес.

Буга чейин аскер жоголгон бул базанын дагы бир жоокери Гүмридеги жети адамдын өлүмүнө айыпталган эле.

Орусиянын Армениядагы согуштук базасында кызмат кылган Валерий Пермяков Гүмридеги бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн өлтүргөн деп шектелүүдө. Ал 13-январда армян-түрк чек арасында кармалып, кылмышты мойнуна алган. Кол салууга каршы Ереванда жана орус базасы жайгашкан Гүмри шаарында нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар шектүү кылмышкерди Армениянын карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышкан эле. Кылмышка шектүү учурда орус базасынын аймагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG