Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Харьковдогу жардырууда жараат алган өспүрүм каза болду


Харьковдо жекшембидеги жардырууда жараат алган 15 жаштагы өспүрүм ооруканада каза болду. Мындай жол менен жардыруудан каза болгондордун саны үч кишиге жетти. 11 адам ар кандай жараат менен ооруканада жатат.

Бүгүн Харьковдо аза күтүү күнү жарыяланган. Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматында, жардыруу алыстан туруп башкарылган системанын жардамы менен ишке ашырылган. Учурда теракт беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, төрт адам кармалды. Алардын баары “Харьков партизандары” уюмунун мүчөлөрү экени айтылууда. Бул уюмдун мүчөлөрү буга чейин Евромайдандын тарапкерлерине бир нече жолу кол салууга аракет кылган.

Жекшембидеги жардыруу экс-президент Виктор Януковичтин кулатылышынын бир жылдыгына арналган тынчтык жүрүшү өтүп жаткан кезде уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG