Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Эки айда Донецктен тогуз миң киши чыгып кетти


Акыркы эки күндө Донецк облусунан 170тей адам чыгып кетти. Ал эми жыл башынан бери бул аймактан чыккандардын саны 9 миңге жеткен. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ок атышуудан улам акыркы учурда аймактан тургундар эвакуация болгон жок. Бирок тургундар өздөрү облус аймагынан чыгып кетип жатышат. Жаңжал башталган былтыркы жылдын апрелинен тарта 750 миңге жакын адам журт которгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG