Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Бангладеш: Падма дарыясындагы кырсыктан 70 адам каза болду


Жекшембиде Бангладештеги Падма дарыясында паром кырсыкка учурап, 70 адам каза болду. Кемеде жалпысынан 150 адам болгон. Алардын жарымынан көбү аялдар жана балдар. 50 киши куткарылды.

Каза болгондордун 27синин сөөгү кеменин ичинен, 43ү дарыядан табылды.

Паромдун капитаны жана экипаждын эки мүчөсү камакка алынды. Кеме Даулатдиядан Патурияга бараткан. Учурда тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG