Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Лицейдин санитардык абалы канааттандырарлык эмес деп табылды


Токмоктогу кыргыз-түрк “Себат” лицейинин санитардык абалы канааттандырарлык эмес деп табылды.Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, лицей сентябрь айынан бери мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун макулдугусуз иштеп келген. Окуу жайдын тамак-аш бөлүгүн текшерген учурда санитардык талапка жооп бербеси, азык-түлүк сакталуучу муздаткычтардын жетишсиздиги аныкталган. Бул тууралуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен маалымдашты.

Балдардын уулануу себептерин аныктоо иштери уланып жатат.

20-февралда Токмоктогу кыргыз-түрк "Себат" лицейинде окуучулардын жапырт уулануусу катталган. 57 бала эртең мененки тамактануудан кийин өздөрүн жаман сезип, медициналык жардам сурап кайрылышкан. Он окуучу Токмок шаардык аймактык ооруканага жиберилип, кечке жуук балдар абалынын жакшырганына байланыштуу үйлөрүнө чыгып кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG