Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Кыргызстанда Башкырстандын маданият күндөрү өтөт


Иш-чара 3-мартта башкыр киносунун күндөрү менен ачылат. Ал эми Башкырстандын маданият жана илим күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы 4-мартта Улуттук филармонияда болот. Бул күнү Башкырстандын белгилүү ырчыларынын, эстрадалык топторунун концерттери болот. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде башкыр сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Мындан тышкары башкыр элинин кол өнөрчүлүгүнөн жаралган буюмдардын көргөзмөсү болот. Мустай Карим атындагы жаштар театры үч күн бою Мустай Каримдин “Биздин үйдүн шаңы” чыгармасы менен Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” чыгармасына коюлган спектаклдерин көрүүчүлөргө тартуулашат.

Ошондой эле Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Башкырстандык кесиптештери менен жолугушат. Иш-чаранын алкагында Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитовдун ачык лекциясы күтүлүүдө.

Концерт, көргөзмө жана спектаклдердин бир бөлүгү Кант, Токмок, Кара-Балта шаарларында өтөт. Башкырстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 3-марттан 6-мартка чейин болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG